Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Биометрикалык паспортко жарыяланган тендердин биринчи баскычы жыйынтыкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга жарыяланган тендердин биринчи баскычы жыйынтыкталды. Мамлекеттик сатып алуу департаментинин сайтындагы маалыматка караганда, тендерге үч компания катышып, алардын ичинен германиялык «Мүлбауэр» ишканасы жана казакстандык «Банкноттук фабрикасы» экинчи турга өттү. Ал эми IDEMIA деген компания тендердин талаптарына жооп бербегендиктен сынактан четтетилди.

Тендер ушул жылдын 26-февралында жарыяланып, арызды кабыл алуу 19-мартта аяктаган. Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 миллион 123,5 миң сом бөлүүгө даяр.

Экинчи баскычка өткөн «Мүлбауэр» компаниясы чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Себеби «Мүлбауэр» ишканасы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Жыйынтыгында тендер боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөлүү деп табылып, акчалай айып салынган.

Кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаикова изин жашырып, издөө жарыяланган. Бул чатакта УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Быйыл февраль айынын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, буга негизги себеп - өлкөдө биометрикалык паспорт бериле электиги экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG