Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Жогорку Кеңештин эки жаңы депутаты ант берди


Блокпост. Ош шаары. Апрель, 2020-жыл.
Блокпост. Ош шаары. Апрель, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмеси менен шайланып келген Айгерим Бейшембаева жана «Кыргызстан» саясий партиясынын жаңыдан мандатка ээ болгон депутаты Саматбек Ибраев ант беришти.

Алар өткөн жумада Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими менен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алышкан. Анын алдында БШКнын чечими менен башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутат Аида Исмаилова жана сот чечими күчүнө киргендигине байланыштуу Осмонбек Артыкбаев мандаттарынан ажыратылган.

15-апрелдеги парламент жыйынында жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү да ант беришет.

15-апрелде парламент өкмөттүн эпидемиологиялык кырдаал учурунда кылган иши тууралуу маалыматын угат. Анда мигранттар маселеси, каржылоо, айыл чарба иштери жана башка маселелер бар.

Ошондой эле депутаттар өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу тууралуу президенттин жарлыгын карашат.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG