Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Президент: Экономиканы сактап калыш үчүн бардык чаралар көрүлүүдө (видео)


Бишкектеги блокпост. 10-апрель, 2020-жыл.
Бишкектеги блокпост. 10-апрель, 2020-жыл.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда сүйлөп жатып, ынтымак, сабырдуулук менен илдетти жеңип чыгабыз деген үмүтүн билдирди. Президент ошондой эле оор учурда коронавируска каршы алдыңкы катарда туруп иштеп жаткан дарыгерлерге, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, ыктыярчыларга, ишкерлерге жана кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылган бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы өлкөнүн экономикасын сактап калыш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, Кыргызстанга колун сунуп, жардам берип аткан эл аралык уюмдарга, өнөктөш мамлекеттерге ыраазычылык билдирди. Алардын катарында Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта Фонду баштаган эл аралык уюмдарды, Орусия, Кытай, Түркия баштаган мамлекеттерди атады.

15-апрелде парламент Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна 25-мартта киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, Нарын шаарына жана Ат-Башы райондоруна да өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин 14-апрелде кол койгон жарлыгын бекитүү маселесин карап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG