Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Коменданттык сааттын мөөнөтү эки саатка кыскарды


Бишкектеги блокпост. 31-март, 2020-жыл.
Бишкектеги блокпост. 31-март, 2020-жыл.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 15-апрелде парламентте депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 14-апрелдеги комендатуранын буйругуна ылайык, коменданттык саат 21:00 – 6:00 чейин созулат. Орозалиев бул күндүн узарышына жана талаа иштерине жолтоо болбош үчүн көрүлгөн чара экенин билдирди.

Өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын убактысын эки саатка кыскартуу тууралуу буйрукту 14-апрелде Жалал-Абад комендатурасынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен Ош комендатурасынын башчысы Малик Нурдинов да чыгарган.

15-апрелде парламент Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна 25-мартта киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, Нарын шаарына жана Ат-Башы райондоруна да өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин 14-апрелде кол койгон жарлыгын бекитүү маселесин карап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG