Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, Улукбек Ормонов жана башка депутаттар ушундай талап коюшту. Депутат Улукбек Ормонов «өзгөчө абал узартылуучу эки жумада кандай иштер аткарылары тууралуу өкмөт башчы, Бишкек шаарынын мэри маалымат берсин» деп талап кылды.
Депутат Исхак Масалиев өкмөт башчыны чакырыш үчүн парламент токтом кабыл алып, добушка коюунун кажети жок экенин айтып, төрагадан премьер-министрди парламентке чакырууну талап кылды.
15-апрелде Жогорку Кеңеш жалпы отурумунда Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, ошондой эле Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал жарыялоо тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун 14-апрелдеги жарлыгын бекитүү маселесин карап жатат. (ZKo)