Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Үйдөн иштеп жаткан бюджеттик кызматкерлердин айлыгы төлөнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште депутат Жылдыз Мусабекованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу үйдөн иштөөгө жиберилген бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы төлөнүп берилет. Эмгек кодексине ылайык, үйдө иштебей отурган бюджеттик кызматкерлерге да кеминде эмгек акынын үчтөн экиси төлөнөт.

Кубатбек Боронов эч жерде иштебеген, каттоосу туруксуз, кыйналып жашаган жарандар да социалдык жактан коргоого алынарын айтып, андай үй-бүлөлөрдү колдош үчүн жергиликтүү муниципалдык бийлик каттап жатканын эскертти.

«Намыс кылбай, уялбай кайрылгыла деп кайрылып кетет элем. Анткени бүгүн уялып жатып, эртең ден соолугунан ажырап калгандын кереги жок. Ошондуктан жашаган жериңердеги бийликке барып, катталгыла», - деди Боронов.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. Азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү товар өндүргөн ишканалардан, аларды саткан дүкөндөрдөн, дарыканалардан, банктардан башка бардык мекемелер жабылган. Кызматкерлер үйдөн иштөөгө жиберилген.

25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалды аталган аймактарда 30-апрелге чейин узартуу, андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде жарлык чыгарган. Жарлык Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG