Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Боронов: Мекенине кайта албай жаткан 4371 кыргызстандык бар


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги жалпы жыйынында берген маалыматына караганда дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринен 4371 кыргызстандык мекенине келе албай жатат. Алардын ичинен 766 жаран - Чыгыш өлкөлөрүндө, 825 жаран - Батыш өлкөлөрүндө, 2780 жаран - КМШ өлкөлөрүндө.

Мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар көп катталган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында - Орусия. Бул өлкөдө 2116 жаран Кыргызстанга келе албай турат. Мындан кийинки орундагы Түркияда 487, Бириккен Араб Эмираттарында 355, Пакистанда 135, АКШда 135, Индияда 121 кыргызстандык мекенине келе албай жатат.

Бороновдун айтымында кыргызстандык бул жарандарды алып келүү боюнча ошол өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү, аба компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мүмкүнчүлүк болору менен бул аракет ишке ашат. Өкмөт коронавирус жайылып жатканына байланыштуу дүйнө мамлекеттери каттамдарга убактылуу чектөө киргизгенин, ушундан улам үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктарды алып келе албай жатканын билдирген.

Биринчи вице-премьер-министр буга чейин чет өлкөлөрдөн 6 миң кыргызстандык мекенине жеткирилгенин мурдараак парламентте билдирген.

XS
SM
MD
LG