Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Матрезерв фондунан 4011 тонна ун таратылды


Матрезерв фондунан бөлүнгөн унду таратуу учуру. Ош шаары. Апрель, 2020-жыл.
Матрезерв фондунан бөлүнгөн унду таратуу учуру. Ош шаары. Апрель, 2020-жыл.

Бул гуманитардык жардам катары акысыз таратылууга чегерилген 5370 тонна ундун бир бөлүгү калктын аялуу катмарына берилген. Калганы дагы эки-үч күндүн ичинде таратылып берилет. Бул тууралуу 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөт өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен жөлөк пул алган жарандарга, жергиликтүү муниципалдык бийлик түзгөн тизменин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүдө. Мындан тышкары «Жардам берүү штабы» аркылуу жеке адамдардан, ишкерлерден, кайрымдуулук фонддорунан азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жана акчалай түрүндө жардам берилип жатат.

Мамлекеттик материалдык резерв фондунун уну апрель айынын башынан тартып таратылып жатат. Ошто унду таратуу учурунда айрым саясий партиялар «партиянын атынан жардам» деп менчиктөөгө аракет кылган учурлары сынга алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG