Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Эрдоган кыргызстандыктардын пенсиясы боюнча мыйзамга кол койду


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишим 2018-жылы 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарадагы расмий сапарында кол коюлган. Түрк парламентинин ратификациясынан өткөн келишимге 7-апрелде өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду.

Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат.

Түркиянын эмгек мыйзамына ылайык 30 жаштагы мигрант аял эмгек визасы менен 7 200 иш саатын иштеп толтурганда гана пенсия алууга укуктуу болот.

Онлайн пенсия акысын эсептөөчү сайттардын биринин эсеби боюнча, мисалы, 30 жаштагы аял 2019-жылы расмий иштей баштаса, ал 61 жашка келгенде Түркиядан пенсия ала баштайт. Эркектердики андан да узагыраак.

Түркиянын жарандары үчүн 25 жыл үзгүлтүксүз стажга ээ болгон эркектерге 60 жашынан, аялдарга 20 жылдык стаж үчүн 58 жашка жеткенде пенсия чегерилет. Түркия 26 өлкөнүн тиешелүү министрликтери менен коомдук коопсуздук келишимине кол койгон.

Түркияда 35 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок 2019-жылы 2669 гана кыргызстандык расмий эмгек визасы менен иштеп, Түркиянын Миграция департаментине каттоого турган. (ElB)

XS
SM
MD
LG