Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Министр: Кыргызстанда болгону 22 вирусолог бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда вирусологдор жетишсиз, болгону 22 адис бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов депутат Карамат Орозованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Тогуз лаборатория иштеп жатат. Айлык акынын аздыгынан жаштар бул жумушта иштегиси келбейт, негизинен орто жаштагы же пенсия курагындагы адамдар иштешет. Биз айла кеткенде медициналык билим берүүчү окуу жайларынын мугалимдерин, 6-курстун студенттерин тартууга аргасыз болдук», - деди министр.

15-апрелге карата Кыргызстанда 15 медициналык кызматкер вирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинде Бишкек шаарында – 3, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 10 киши аныкталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 98 медициналык кызматкер катталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG