Түштүк Кореяда 15-апрелде парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү маалында бир катар коопсуздук чаралары каралган. Ага ылайык, жарандардын баары беткап, мээлей кийип келип, бири-биринин ортосундагы аралыкты сактап, добуш берип жатат. Кире бериште алардын дене табы да текшерилүүдө.
Таңкы саат алтыда өлкө боюнча 14 миңдей шайлоо бекети ачылган. Парламенттеги 300 орун үчүн 35 партиянын талапкерлери ат салышууда. Бирок негизги таймаш президент Мун Чже Ин башында турган Демократиялык партия менен оппозициядагы «Келечек үчүн биригүү» партиясынын ортосунда болот деген божомол айтылган.
Калктын 26% же 11 миллион адам алдын-ала добуш берген. Коронавирустан дарыланып жаткан адамдар өз добуштарын почта аркылуу жөнөтүшкөн.
Түштүк Кореяда шайлоо эч качан жылдырылган эмес. 1952-жылкы согуш маалында да президенттик шайлоо өз убагында өткөрүлгөн.
Учурда бул мамлекетте коронавирусту 10 600дөй адам жугузуп алган. Алардын 225и каза тапты. Айрымдар шайлоо коронавирустун жайылышынын экинчи толкунун жаратат деп кооптонуп жатышат.