Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Мумбайда карантинди узартууга нааразы болгондор көчөгө чыгышты


Индияда учурда бир миллиард 300 миллион адам карантинде.
Индияда учурда бир миллиард 300 миллион адам карантинде.

Индиянын Мумбай шаарында жумушсуз калган жүздөгөн мигранттар бийликтин карантинди 3-майга чейин узарткан чечимине нааразы болуп көчөгө чыгышты.

Алар шаардын темир жол бекетине топтолуп, башка облустардагы өз үйлөрүнө бекер жетип алыш үчүн атайын поезддерди жүргүзүүнү талап кылышты. Акциянын катышуучулары ачка экенин жана билетке да акчасы жок экенин кыйкырып жатышты. Аларды таркатыш үчүн полиция союл колдонду.

Штаттын туризм министри өкмөт башчы Нарендра Модиден нааразы болгондорду үйлөрүнө жеткириш үчүн транспорт уюштуруп берүүнү суранды.

Индияда учурда бир миллиард 300 миллион адам карантинде. Ал жакта коронавирусту жугузуп алгандардын саны 10 миң адамдан ашкан.

Индиянын бийлиги коронавируска чалдыккандардын көбөйүшүнө «Таблиги жамаат» кыймылынын март айындагы чоң жыйындары себеп болгонун билдирүүдө. Мусулман коомчулугунун өкүлдөрү өлкөдө исламга каршы маанай күчөгөнүн белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG