Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Депутат Акаев: Өкмөт өзгөчө кырдаалда Интернеттен сөгүнгөндөрдү жазалоого гана жетишти


Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнөн Новосибирскиден учак жөнөтүүгө уруксат бербөө жөнүндө орус бийлинин маалымдамасын көрсөтүүнү талап кылды.

«Мына, жок, эч кандай кагаз! Иштебей атасыңар. Өкмөттүн ушул кырдаалда кылган бир гана иши – Интернетте сөгүнгөндөрдү кармап, жазалоо гана болуп калды. Башка эч кандай иш кылган жоксуңар. Бир жума дебей, бир ай десек иштебей коёсуңар», - деди Жанарбек Акаев.

Ушул тапта парламент кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал учурундагы ишине баа берип жатат. Парламенттин эки комитети сунуш кылган токтом долбоорунда коронавируска каршы күрөшүүдөгү өкмөттүн кылган ишин, айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароо тапшырылган. Мындан тышкары чет мамлекеттерде Кыргызстанга келе албай жаткан мекендештерди алып келүүгө өкмөткө бир жума убакыт берүү тууралуу айтылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG