Иран Киевди быйыл 8-январда Тегеранда атып түшүрүлгөн Украинанын жүргүнчү ташыган учагы боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюуга чакырды.
Украинанын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн меморандумдун долбооруна ылайык, Иран Киевге жана каза болгондордун туугандарына компенсация төлөп берет, бул үчүн алар учак кырсыгына «адамдын катасы» себеп болгонун таанып, Тегеранды сотко берүүдөн баш тартышы керек болот.
Буга чейин Иран учак кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация катары 80 миң доллар сунуш кылганы кабарланган. Анда Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сумма өтө аз экенин билдирген.
Украинанын Эл аралык аба жолдоруна таандык «Боинг» учагы Ирандын атайын кызматы болуп эсептелген Ислам революциясынын сакчылар корпусунун ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Жыйынтыгында учактагы 167 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү өлгөн. Алардын арасында украин жарандары да болгон.