Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Кыргызстанда абактагы 1000ден ашык адамга мунапыс берүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты.

Ага ылайык, 60 жаштан ашкан эркектерге, 55 жаштан ашкан аялдарга, I жана II топтогу майыптарга, 18 жашка чыга элек экиден кем эмес балдары же I, II топтогу майып балдары бар адамдарга мунапыс жарыялоо жана коркунучу азыраак кылмыштарды биринчи жолу кылгандарды абактан бошотуу каралган.

«Кыргызстанда 9 500дөн ашык соттолгон адам бар. Баш-аягы 1202 киши абактан бошойт», - деди мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Бакиров.

Түрмөдөгүлөргө мунапыс берчү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG