Коронавируска каршы күрөштүн эсебине келип түшкөн гуманитардык жардамдарды, акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамындагы жарандык коом өкүлдөрүнүн саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу 16-апрелде «Азаттык» радиосуна «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирип, өзү да комиссияга кайтып келгенин кошумчалады. Мурдараак укук коргоочу Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү комиссиясында жарандык активисттер аз болгон үчүн чыгып кеткенин айткан.
Кыргыз өкмөтү 28-мартта коронавируска каршы күрөштүн эсебине келип түшкөн гуманитардык жардамдарды, акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча 11 кишиден турган комиссия түзгөнү кабарланган. Алгач комиссияга парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирген. Аны өкмөттүн аппарат башчысы Самат Кылжыев жетектеп жаткан. Эми жетекчилик вице-премьер-министр Аида Исмаиловага өткөнү, жарандык коомдон беш өкүл болгону айтылды.
Чогулуп жаткан акча тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтына улам жаңыланып чыгууда. Анда көрсөтүлгөндөй, 14-апрелге карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 13, 5 миллион сом, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин «коронавирус боюнча иш-чаралар» эсебине 125 миллион сом чогулду.
Акчаны бөлүштүрүү комиссиясынын соңку жыйыны апрель айынын башында болгон. Анда ошол кезде чогулган акчадан алгачкы 38,5 миллион сомду коронавирус жугуу коркунучу жогору жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин айлыгына кошумча катары төлөп берүү тууралуу чечим кабыл алынган. Андан бери комиссия отурумга чогула элек. (RK)