Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

Курманакун Матенов парламент комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалды


Курманакун Матенов. 27-июль, 2013-жыл.
Курманакун Матенов. 27-июль, 2013-жыл.

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы башчысы Курманакун Матенов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка спикер Дастан Жумабеков кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы 16-апрелде «Азаттыкка» маалымдады.

Мурдагы бөлүм башчы Эрнест Молдошев 24-март күнү кызматтан өз арызы менен кеткен. Ошол эле күнү ал мас абалында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерин сабап салганы үчүн кармалып, камакка алынган. Кийинчерээк сот аны үй камагына чыгарган.

Курманакун Матенов Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеп турган кезде «мамлекеттен пенсияны мыйзамсыз алып жүргөн» деген айып менен, 2014-жылы кызматтан бошотулган. Ошол эле жылы Аскердик соттун чечими менен акталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG