Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

COVID-19: Нарында жана Ат-Башыда 34 жерге тосмо коюлду


Нарын шаары. 15-апрель, 2020-жыл.
Нарын шаары. 15-апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал жарыяланганы Нарын шаарына төрт жерге блокпост, дагы төрт жерге фильтрациялык тосмо, ал эми Ат-Башы району боюнча беш жерге блокпост, 21 аймакка фильтрациялык тосмо коюлду. Бул тууралуу 16-апрелде Ички иштер министрлиги кабарлады.

15-апрелдин кечинде Нарын шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Анда коменданттын буйруктары тааныштырылды.

16-апрелге карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 17 адам катталды, алардын 11и Нарын облусунда.

Ал эми республика боюнча бул илдет аныкталгандардын жалпы саны 466, алардын 45и Нарын облусунда.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен коронавируска байланыштуу 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген. Комендант болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалган.

Коменданттык саат кечки 9дан таңкы 6га чейин деп аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG