Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Ошто коменданттык сааттын талабын мас болуп бузгандар камакка алынат


Малик Нурдинов.
Малик Нурдинов.

Мындан ары мас абалында коменданттык сааттын талаптарын бузган адамдар Жоруктар кодексинин негизинде камалат. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 16-апрелде брифингде билдирди:

«Ичип алып машине айдап кармалса, ал үчүн мыйзам чегинде айып төлөйт. Андан тышкары коменданттык сааттын талабын бузганы үчүн дагы үч миң сом айып төлөйт. Бул үй-бүлөлүк бюджетине деле зыян. Ошондуктан, биз аймакта ичкилик сатпоо тууралуу демилге көтөрүп, убактылуу чектөө киргизгенбиз. Бирок айрым соодагерлер ага карабай, тескерисинче катып сатып жатышат», - деди Малик Нурдинов.

Ош аймагынын коменданты 13-апрелдеги буйругу менен Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салган.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Президенттин 14-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилип, аймакта өзүнчө комендатура түзүлдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG