Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан 15 адис келет


Кытай. Коронавирус жуккан наристени карап жаткан медицина кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай. Коронавирус жуккан наристени карап жаткан медицина кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөшкө жардам бериш үчүн Кытайдан адистер келгени жатат. Бул тууралуу 16-апрелде Коронавируска каршы республикалык штабда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингинде белгилүү болду.

Кытайдан 15 адис келе турганы маалым болгону жөнүндөгү суроого ал:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун биздеги кеңсеси менен бирге чет элден келген консультант-дарыгерлердин иштөө шарттарын тактап, даярдык көрүп жатабыз. Келгенде биздин түндүк аймакта да, түштүк аймакта да иштей тургандай шарт түзгөнгө аракет кылып жаткан кезибиз», - деп жооп берди.

Алгач Кытайдын Хубэй провинциясынан чыккан COVID-19 илдети жуккандардын жалпы саны дүйнөдө бүгүнкү күндө эки миллионго чамалады. Кытайдын өзүндө бул илдет 83 миңден ашуун адамга жукту, алардын 3,5 миңге жакыны каза болду. Акыркы суткада Кытайда бул илдеттен каза болгондор жок. Ал эми Хубэйде жаңы бейтаптар катталган жок.

Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус 466 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 91 адам айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG