Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Трамп АКШ экономикасын калыбына келтирүү планын жарыялайт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Кошмо Штаттар коронавирус кеңири жайылган учурдан өтүп кетти» деп билдирди. Ушундан улам келаткан бейшембиде, 17-апрелде экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган негизги сунуштарды жарыялай турганын маалымдады.

Ал 15-марттагы брифингде: «Күрөш уланууда, бирок маалыматтар өлкө оору тараган учурдун туу чокусунан өтүп кеткенин далилдейт. Антсе да биз сактыкты эстен чыгарбашыбыз керек, биздин чечкиндүү стратегиябыз иштей ала турганын көрсөттү», - деп айтты.

Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү карантин эрежелерин жумшартуудан мурда ооруну аныктай турган тест жана өзүн өзү коргоочу каражаттар көп керек болорун эскерип жатышат.

АКШ ооруга кабылган жана андан ажалы жеткен адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Коронавирус 630 миңден ашык адамдан аныкталды жана илдеттен 31 миңдей киши көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча оору жугузуп алгандардын саны эки миллион адамдан ашты, 130 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG