Бишкекте акча салынган терминалды уурдап кеткен үч адам үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту 14-апрелде чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы ырастады.
6-апрелде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына баасы 1,5 миң долларлык терминалдын ээси кайрылып, белгисиз бирөөлөр ичинде 61 500 сом салынган терминалын көтөрүп кеткенин айтып, арыз жазган.
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. 13-апрелде бул ишке шектүү катары үч киши кармалган.
Терминалдын ичиндеги акча эмне болгону тууралуу расмий маалымат берилген жок. (ZKo)