Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Эл мугалими Исак Бекбоевдин сөөгү жерге берилди


Исак Бекбоев.
Исак Бекбоев.

Кыргызстандын Эл мугалими Исак Бекбоев 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 16-апрелде анын сөөгү Бишкекте «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги (Москва шаары), педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев Нарын облусунда 1930-жылы туулган. Эмгек жолун 1952-жылы мектепте математика мугалими болуп баштаган.

Андан кийин Кыргыз илим-изилдөө институтунда алгач кенже, кийин улук илимий кызматкер, физика жана математика секторунун башчысы, директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеген. Дээрлик тогуз жыл Кыргыз улуттук университетинде орто мектеп директорлорунун билимин өркүндөтүү факультетинин деканы жана окуу-тарбия иштери боюнча проректору болуп эмгектенген. 1984-жылдан тартып Кыргыз илим-изилдөө институтун, 1992-жылдан Кыргыз билим берүү институтун жетектеп, 2003-жылдан тартып Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү жана илим борборун башкарып келди.

Математиканы окутуу боюнча изилдөөчү окумуштуулардын кыргыз мектебинин негиздөөчүсү Бекбоев педагогика илимдеринин 23 кандидатын жана жети докторун даярдады. Ал 200дөн ашык басылманын автору, анын ичинде 11 монография, Кыргызстан үчүн 11 окуу китеп, 47 окуу жана окуу-методикалык колдонмо бар.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган жетекчилердин атынан жарыяланган некрологдо Бекбоев чыныгы педагогдун, окумуштуунун жолун татыктуу басып өткөнү, Кыргызстанда педагогика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкону белгиленди.

Бекбоев «Ардак белгиси» ордени (1971-жыл), «Даңк» медалы (2009-жыл), 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. Ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими (1983) жана Эл мугалими ардактуу наамдары ыйгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG