Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Казакстанда жарандык активист психиатриялык ооруканага жатып калды


Алимжан Избасаров.
Алимжан Избасаров.

Казакстанда адам укуктары үчүн күрөшүп жүргөн жарандык активист Алимжан Избасаров психиатриялык клиникага түшүп калды.

Анын апасы Жаухаз Избасарова «Фейсбуктагы» баракчасына 24 жаштагы уулу армияда кызмат өтөп жатканда офицерлердин басым-мазактоосуна чыдабай өз жанын кыюуга аракет кылганын, мындан кийин Тараз шаарындагы психиатриялык ооруканага жаткырылганын кабарлады. Бул маалыматты аталган клиника да ырастады.

Избасаров былтыр жазында Казакстанда бийликке каршы өткөн нааразылык акцияларынын тушунда күтүүсүздөн армияга чакыртылган ондогон активисттердин бири болгон. Ал ага чейин Нур-Cултандагы уруксатсыз акцияга катышканы үчүн 15 күн камалып чыккан.

Коңшу мамлекетте бийликти ачык сындап жаткан активисттерди күчтөп психиатриялык ооруканаларга жаткырып койгон учурлар буга чейин да болгон.

XS
SM
MD
LG