Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Түштүк Кореяда парламенттик шайлоодо президенттин партиясы утту


Парламенттеги 300 орун үчүн 35 партиянын талапкерлери ат салышты.
Парламенттеги 300 орун үчүн 35 партиянын талапкерлери ат салышты.

Түштүк Кореяда пандемияга карабай 15-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, президент Мун Чжэ Индин Бирдиктүү демократиялык партиясы ишенимдүү жеңип, 300 орундуу парламентте 163 мандат алды.

Өкмөттүн коронавируска каршы саясаты ийгиликтүү болгондуктан, башкаруудагы партиянын рейтинги кыйла көтөрүлгөн.

Добуш берүү маалында бир катар коопсуздук чаралары каралган. Ага ылайык, жарандардын баары беткап, мээлей кийип келип, бири-биринин ортосундагы аралыкты сактап, добуш беришти жана кире бериште алардын дене табы да текшерилди.

Парламенттеги 300 орун үчүн 35 партиянын талапкерлери ат салышты. Бирок негизги таймаш президент Мун Чже Ин башында турган Бирдиктүү демократиялык партия менен оппозициядагы «Келечек үчүн биригүү» партиясынын ортосунда болду.

Түштүк Кореяда шайлоо эч качан жылдырылган эмес. 1952-жылкы согуш маалында да президенттик шайлоо өз убагында өткөрүлгөн.

COVID-19дун эпидемиясы башында Кытайдан кийин эле Түштүк Кореяда эң олуттуу деп айтыла баштаган. Бирок Сеулдун иш-аракеттеринен улам азыр күнүнө 30дай кишиден гана коронавирус табылып жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн ооруну чет жактардан жугузуп алгандар түзөт.

Жалпысынан Түштүк Кореяда 10 миң киши коронавируска чалдыккан, 229 бейтап каза тапты.

XS
SM
MD
LG