Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү кызматкер үй камагына чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Октябрь райондук сотунун 11-апрелдеги чечими менен кылмышка шектүү Т. С. аттуу жаран үй камагына чыгарылды. Жогорку соттун басма сөз кызматынын 16-апрелде «Азаттыкка» билдиргенине караганда буга прокуратуранын сотко жиберген өтүнүчү негиз болгон. Үй камагына чыгарылган адамдын аты-жөнү ачык айтылган жок. Айрым маалымат булактары жергиликтүү банктардын биринде иштеген Т. С. аттуу жаран аялын сабады деген негиз менен кармалып, кайра тилкат менен кое берилгенин жазып чыгышты.

Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 10-апрель күнү күйөөсү ичип алып сабаганын даттанып кайрылганын, бул ишке шектүү катары Т. С. аттуу жаран кармалганын Бишкек шаардык комендатурасы мурда маалымдаган.

Укук коргоочулар коронавирус илдетине байланыштуу карантин башталгандан бери үй-бүлөдө жашыруун зомбулук күч алганын белгилешүүдө. Өткөн жумада Кыргызстандагы маалымат каражаттары мурда президенттик аппаратта иштеп кеткен адам аялын катуу сабаганын жазышты. Анын бул жоругу жабырлануучу ооруканага түшкөндөн кийин белгилүү болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG