Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Жапонияда жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапон бийлиги коронавируска байланыштуу жагдайдан улам бүтүндөй өлкөгө өзгөчө абал киргизди. Премьер-министр Синзо Абэ 16-апрелдеги телекайрылуусунда мындай режим бери дегенде 7-майга чейин сакталарын айтты. Ал муну оору тарап жатканы менен негиздеди.

Өкмөт башчы оору жуккандарды азайтыш үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80% чейин азайтыш керек экенин белгиледи. Ал өлкөнүн ар бир жаранына карантин убагында ай сайын миң доллардай акча төлөнүп турарын маалымдады.

Жапон өкмөтү борбор шаар Токио баштаган жети аймакка 7-апрелден тартып өзгөчө абал киргизген. Өкмөт коронавируска каршы күрөшүүгө бир триллион долларга жакын каражат бөлүнөрүн билдирген.

Соңку маалымат боюнча, Жапонияда коронавирус 8,5 миңден ашык адамдан табылды, илдеттен 178 киши көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча оору жуккандардын саны 2 миллион адамдан ашты. Коронавирустан 134 миңге жакын киши көз жумду. Соңку бир күн ичинде АКШда, Британияда жана Францияда оору жуккандар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG