Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Түркиядагы кыргызстандыктар 17-апрелде Бишкекке учат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда калган кыргызстандыктар 17-апрелге караган түнү Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга учат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов билдирди.

«Мендеги маалымат боюнча, учак Түркиядан түндө учканы жатат. Өкмөт менен да сүйлөштүм. Андан тышкары Новосибирск шаарындагы кыргызстандыктарды да алып келүү боюнча иштер жүрүп жатыптыр», - деди Пирматов.

Анын сөзүнө караганда Түркиядан учак 17-апрелде түнкү саат 3тө учат. Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги рейсти кабыл алууга уруксат берди.

Түркиядан келе албай калган жарандар боюнча 16-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефондон сүйлөшкөн.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Түркиядан Кыргызстанга келе албай жаткан 487 жаран бар. Өкмөт аларды жана башка чет мамлекеттердеги 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

15-апрелде Жогорку Кеңеш атайын токтом менен сырттагы мигранттарды алып келүү маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG