Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Түркияда калган кыргызстандыктар Бишкекке учту


Кыргызстандыктар отурган учак.
Кыргызстандыктар отурган учак.

Түркияда калган 200дөн ашык кыргызстандык Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга учту. Бул тууралуу мекендештерди Кыргызстанга алып келүү иштерин уюштуруучулардын бири, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Түркиядан келе албай калган жарандар боюнча 16-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефондон сүйлөшкөн.

Өкмөт буга чейин чет мамлекеттердеги 4000ден ашык кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

15-апрелде Жогорку Кеңеш атайын токтом менен сырттагы мигранттарды алып келүү маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG