Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

ИИМ: 17-апрелге карата 74 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузду


Аравандагы блокпост. Ош облусу. 15-апрель, 2020-жыл.
Аравандагы блокпост. Ош облусу. 15-апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө жүргөн 74 адам кармалып, 10 автоунаа атайын токтотмо жайларга токтотулду.

Алардын ичинен Бишкек шаарында 59, Жалал-Абад шаарында 4, Ош шаарында 2, Нарын шаарында 6, Кара-Суу районунда 2, Сузак районунда 1 киши кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң коё берилген.

Ал эми Ноокат жана Ат-башы райондорунда тартип бузгандар катталган жок.

Жалпысынан 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2705 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн милициянын кайгуул тобу кармап, кайра коё берген.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды. Мындан тышкары Интернет аркылуу жалган маалыматтарды тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертти.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган төрт шаарынын, беш районунун калкы президенттин жардыгына ылайык 30-апрелге чейин өзгөчө абалдын эрежелерин сактоого милдеттүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG