Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

Бишкекте ишканаларга эки миңден ашуун өткөрмө кагаз берилген


Санитардык карантин посту. Ош шаары. 15-апрель, 2020-жыл.
Санитардык карантин посту. Ош шаары. 15-апрель, 2020-жыл.

Алардын ичинде азык-түлүк өндүрүүчүлөр, азык-түлүк саткандар, медициналык товарларды өндүрүп-ташыгандар, сатуучулар, байланыш операторлору, айыл чарба иштерин жүргүзүүчүлөр, тамак-аш таратуучулар жана башкалар бар.

Экономика министрлиги Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр-жай министрлиги, бизнес-ассоциациялар менен бирге Бишкек шаарынын коменданты менен сүйлөшүп, азык-түлүк жана керектүү өнүмдөрдү ташууга уруксат берүү маселесин талкуулашты.

Анда кабыл алынган чечимге ылайык, өткөрмө кагаздардын бир бөлүгү Экономика министрлиги тарабынан өкмөткө караштуу Инвестиция жана бизнести өнүктүрүү кеңеши жана Жогорку Кеңешке караштуу Ишкерликти өнүктүү кеңеши менен чогуу берилет. Бул жактан бизнес-ассоциацияларга кирбеген, азык-түлүк өндүрүп, саткан чакан жана орто ишканалар өткөрмө кагаз ала алышат. Буга чейин мындай ишканаларга 368 өткөрмө кагаз берилген.

Ал эми бизнес-ассоциацияларга, соода палаталарына жалпысынан 1872 өткөрмө кагаз берилген.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. Буга байланыштуу ооруканалардан, дарыканалардан, азык-түлүк, медициналык каражат, күнүмдүк керектелүүчү өнүм өндүргөн жана саткан, ташыган ишканалардан, байланыш операторлорунан тышкары дээрлик бардык мекеме-ишканалар жабылган. Уруксат берилген тармактардын кызматкерлери үчүн өткөрмө кагаз берилет.

Учурда Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG