Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев буга байланыштуу жарандарга өзгөчө абалдын талаптарын аткарып, үйдөн чыкпоо зарыл экенин эскертти. Ал бул тууралуу 17-апрелдеги брифингде билдирди:
«Ар бирибиз өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын амандыгы үчүн жоопкерчиликте бололу. Мен бир нече күндөн бери балдарымды көрө элекмин, силер балдарыңар менен чогуусуңар. Ошондуктан дарыгерлердин талаптарын эске алып, көчөгө азык-түлүк, дары-дармек алуу жана башка маанилүү муктаждык болбосо чыкпагыла деп суранат элем», - деди Алмаз Орозалиев.
Коменданттын маалыматына ылайык, өзгөчө абал киргенден бери шаарда кылмыштуулук азайды жана жол кырсыктары да сейрек болуп калды.
Бишкек шаарында 410 кайгуул кызматкери иштеп жатат.
Кыргызстанда 17-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 23 адам катталды. Анын ичинен 14 адам Бишкекте.
Баш калаада коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 102 адам. (ZKo)