Азык-түлүк иретинде берилип жаткан гуманитардык жардам аз камсыз болгон, майыптыгы бар, көп балалуу жана карантинге байланыштуу күнүмдүк каражатынан ажырап калган үй-бүлөлөргө берилип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анын айтымында, дагы он миң үй-бүлөгө жардам 10 кг ун, 1 литр май түрүндө азык-түлүк таратылат.
«Ун Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген ундан берилүүдө. Ал эми май мэриянын карамагындагы атайын эсептин акчасына сатылып алынган», - деди ал.
Абсаттаровдун айтымында, социалдык жардам үй-бүлөлөрдүн каттоосуна карабастан, жашаган жерине жараша берилип жатат. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жараянына социалдык кызматкерлер, жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер катышууда.
Гуманитардык жардам шаардык бюджеттен, кайрымдуулук фонддордон жана жеке адамдардан келип түшкөн каражаттардын эсебинен берилүүдө. Ош мэриясынын алдында өзгөчө абал шартында кыйынчылыкта жашап жаткандарды колдоо максатында атайын эсеп ачылган. Аталган эсепке 4,3 млн. сом келип түшкөн.
Мурдараак өкмөт башчынын 16-апрелдеги буйругу менен муктаж үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алыш үчүн мамлекеттик бюджеттеги резервдик каражаттан 200 млн. сом бөлүнгөнү кабарланган.
Ошондой эле 16-апрелде оор кырдаалда жашап жаткан адамдарды тамак-аш менен камсыз кылыш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке чогултулган акчадан 9 млн. сом бөлүү каралган. Анын ичинен Ош шаарына 4 млн. сом, Нарын шаарына 1 млн. сом, Жалал-Абад шаарына 1 млн. сом, Сузак районуна 2 млн. сом жана Ноокат районуна 1 млн. сом бөлүнгөн. (ZKo/DU)