Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

18-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 16…21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG