Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

«Талибан» 20 туткунду бошотту


Ооган өкмөтү 8-апрелден бери «Талибандын» 300 жоочусун эркиндикке чыгарды.
Ооган өкмөтү 8-апрелден бери «Талибандын» 300 жоочусун эркиндикке чыгарды.

Ооганстанда «Талибан» кыймылы туткунда кармап турган полиция кызматкерлеринин жана жоокерлердин экинчи тобун бошотконун маалымдады. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахин 16-апрелде «Твиттердеги» баракчасына 20 адам өлкөнүн чыгышындагы Лагман провинциясынын бийлигине өткөрүлүп берилгенин жазды.

Талибдердин дагы бир өкүлү Забихулла Мужахид болсо туткундан бошогон адамдар Эл аралык кызыл чырым комитетинин аймактагы бөлүмүнө берилгенин билдирди.

Сөз болуп жаткан эл аралык уюм да, ооган өкмөтү да бул маалыматты азырынча бышыктай элек.

«Талибан» 12-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында 20 ооган жоокерин туткундан бошоткон эле.

Ооган өкмөтү болсо 8-апрелден бери жалпысынан «Талибандын» 300 жоочусун эркиндикке чыгарган.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

XS
SM
MD
LG