Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

ИИМ: Баласын сабап жатканы Интернетке тараган адамдын тек-жайы аныкталды


Интернеттен алынган сүрөт. 17-апрель, 2020-жыл.
Интернеттен алынган сүрөт. 17-апрель, 2020-жыл.

Баласын сабап жатканы видеого тартылган кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу 17-апрелде Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну экени, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткени маалым болду.

Министрлик «Кыргызстандын ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы ыкчам иликтөө жүргүзгөн соң видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жаран ким экени такталды. Учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзүүдө» деп билдирди.

17-апрелде Интернеттеги социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган бала аёосуз токмок жеп жаткан видео тарап, бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Ушул эле күнү интернетте дагы бир видео тарады. Анда аты-жөнүн атабаган бирөө сыртта бир аял жана эркек кишинин жанында туруп "Жок нерсени чоң кылып ким чыгарып жиберди!? Мына, баланын апасы, атасы жакшына эле, урушпай эле... Бирөөлөр жөндөн-жөн эле чыгарып жибериптир. Кыжаалат болбоңуздар. Бардыгы жакшы" деп айтып жатканын көрүүгө болот.

2018-жылы Кыргызстанда 13 өспүрүм өлтүрүлгөн, жалпысынан балдарга карата 150гө жакын зомбулук факты катталган. Бирок укук коргоочулар чынында бул көрсөткүч бир нече эсе көп экенин белгилеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG