Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Карызын төлөө мөөнөтү жылдырылган өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан жок


Эл аралык валюта фондунун кире беришиндеги жазуу. Вашингтон. 27-март, 2020-жыл.
Эл аралык валюта фондунун кире беришиндеги жазуу. Вашингтон. 27-март, 2020-жыл.

Бул тууралуу 17-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыкка” билдирди:

“Эл аралык валюта фондунун жана башка финансы институттарынын жакыр өлкөлөрлүн карыздарын төлөө мөөнөтүн алты айга жылдыруу чечиминин Кыргызстанга тиешеси жок. Анткени андай мүмкүнчүлүк ички дүң өнүмү киши башына 1100 долларга жетпеген өлкөлөргө берилген. Кыргызстанда ички дүң өнүмү ар бир адам башына 1300 доллардан айланат”, - деди Эркин Асрандиев.

Эл аралык валюта фонду 25 жакыр өлкөгө карызын төлөө мөөнөтү жылдырылганын маалымдаган. Бул кадам аларга акчасын коронавирус илдети менен күрөшүүгө сарптоосуна мүмкүнчүлүк берүү максатында жасалган.

Ошондой эле 15-апрелде ири өлкөлөрдөн турган G20 тобу да коронавирус пандемиясына байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу сунушун эл аралык каржы уюмдарга сунуштаган.

Кыргызстандын Эл аралык валюта фондуна карызы 139 млн доллар. Жалпы тышкы карызы 3,7 млрд доллар болсо, анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытай бийлигине кайрылып, карызды төлөө мөөнөтүн жылдырып турууну өтүнгөнү маалымдалган. Азырынча Кытай тараптын жообу белгисиз.

Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд сом тышкы карызын төлөөгө милдеттүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG