Латын Америкасынын айрым өлкөлөрүндө медицина кызматкерлери куугунтукка кабылган окуялар каттала баштады. Аргентинада, Колумбияда жана Мексикада аларды кээ бир адамдар аларды «вирус жайылтуучулар» деп айыптап, коркутуп-басмырлаган жана коомдук жайлардан, транспорттон кубалаган, ал тургай ур-токмокко алган учурлар болду.
Мехикодогу дарыгер Кармен Гардуно: «Биздин жарандар эмне кылып атышканын өзүлөрү түшүнүшпөйт. Дарыгерлер оору менен күрөшүп, өзүлөрү болсо басым-кысымга кабылып жатышат», деди.
Дагы бир мексикалык дарыгер Марко Веласкес дарыгер экенин жашырып жүрүүгө аргасыз болуп жатканын айтты. Себеби анын эки кесиптешин метродон түртүп чыгарып коюшкан учур болду. Колумбияда да дарыгерди үй-бүлөсү менен батирден чыгарып коюшту. Ал эми аргентиналык медиктер коңшулары аларга лифтти колдонууга уруксат бербей коюшканын жазды.
Сөз болуп жаткан өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү мындай окуяларды айыптап, өзүлөрүнүн кесиптик милдетин аткарып жаткан медициналык кызматкерлерди коргоого убада берип жатышат.