Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Тажик президентинин уулу парламенттин жогорку палатасынын спикери болду


Рустам Эмомали.
Рустам Эмомали.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун уулу, буга чейин Дүйшөмбү шаарынын мэри болуп турган Рустам Эмомали тажик парламентинин жогорку палатасынын - Сенаттын спикери болуп шайланды. Муну менен ал мамлекет башчыдан кийинки эле өлкөдөгү экинчи маанилүү кызматты ээлеп калды.

Рустам Эмомали өткөн айдын аягында Сенатка мүчө болуп шайланган. Өлкө мыйзамына ылайык, парламенттин жогорку палатасынын 25 мүчөсүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлашат. Ал эми сегиз сенаторду президент өзү көрсөтөт.

Рустам Эмомали 30 жашында 2017-жылы Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалган. Ага чейин Тажикстандын бажысын, Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеп келген. Эмомали Рахмон уулун экинчи даражадагы «Алтын таажы» ордени менен сыйлаган.

Расмий Дүйшөмбү 2016-жылы өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөрткөн. Ага ылайык, президенттикке талапкердин жаш курагы кичирейген. Мурдагы Конституция боюнча өлкө башчылыгына ат салышкан адамдын жашы 35тен жогору болууга тийиш болсо, жаңы Баш мыйзамда ал беш жылга азайтылган. Ушундан улам Эмомали Рахмондун тун уулу, 33 жаштагы Рустам Эмомали 2020-жылы президенттик шайлоого катышышы мүмкүн деген сөздөр чыккан.

XS
SM
MD
LG