Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Орозо 24-апрелде башталат


Ош шаары, Сулайман-Тоо мечити.

Кыргызстанда быйыл орозо 24-апрелден тартып кармала баштайт. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жарыялады.

Мекеме Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларына таянып, коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн дин башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнүн 24-апрель деген чечим кабыл алды.

Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө жылышы мүмкүн. Буга чейин Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 15-апрелдеги видеокайрылуусунда Рамазан айында таравих намазы үйдөн окулаарын айткан.

Коронавирус коркунучунан улам 17-марттан тартып өлкөдө жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга тыюу салынган. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG