Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:29

ТИМ АКШдан ал жактагы кыргыз жарандарына жардам берүүнү суранды


Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянты, 21-март, 2020-жыл.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл менен телефон аркылуу сүйлөшүп, дүйнөдө коронавирус илдетинин жайылып жаткан шартында кызматташуу маселесин талкуулашты.

Министр Айдарбеков АКШдагы кыргыз жарандарынын маселелерин көтөрдү. Мисалы, окуучулар менен студенттердин ден соолугун коргоо үчүн шарт түзүү, виза мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берүү суранычын билдирди. Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы АКШнын USAID уюму аркылуу берген жардамын кубаттай турганын белгиледи. АКШ аймагында ондогон кыргызстандыктар иштеп, окуп жүрүшөт.

Буга чейин АКШ эл аралык коомчулуктун коронавируска каршы күрөшүнө көмөктөшүп, жабыр тарткан мамлекеттерге гуманитардык жардамын улантарын билдирген. Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти бул багытта 508 миллион доллар бөлүнгөнүн кабарлады. «Бул каражаттар ооруну ооздуктоого, элге өз убагында маалымат жеткирүүгө, өтө маанилүү тармактарды колдоого багытталат», - деп билдирген АКШнын тышкы саясий мекемеси.

АКШдан жардамды мурдагы Советтер Союзуна мүчө болгон өлкөлөр да алат. Ага ылайык, Беларуска 1,3, Украинага 9,1, Грузияга, Арменияга жана Азербайжанга 1,7 миллиондон доллар тиет. Ал эми Борбор Азия мамлекеттерине берилген жардамдан Казакстан 1,6 миллион, Кыргызстан 900 миң доллар алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG