Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

18-апрель: Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 500дөн ашты (видео)


18-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясы дагы 17 кишиден табылып, илдет жуктургандардын саны жалпы өлкө боюнча 506га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Жаңы катталгандардан бешөө - Ош облусунда, бирөө - Ош шаарында, он бири - Ат-Башы районунда. Алардын төртөө аял, он үчү эркек.

18-апрелге карата маалыматка ылайык, илдети аныкталгандардын ичинен 16 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Алардын төртөө - Бишкек шаарынан, он эки киши - Жалал-Абад облусунан. Республика боюнча жалпысынан 130 киши бул ооруну жеңип чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG