Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

№17 бейтапкананын кызматкерлери «Garden» мейманканасында жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун 22 кызматкери “Garden” отелинде обсервацияда жатат. Медициналык кызматкерлер “Ак-Кеме” мейманканасындагы карантиндик зонага жатуудан баш тартышкан. Алардан алынган анализдердин жыйынтыгы чыга элек.

17-апрелде бул медицина жайынын төрт кызматкеринен коронавирус табылгандыктан №17 бейтапкананын башкы имараты жабылып, филиалы ишин уланта бере турганы кабарланган. №17 бейтапкана Бишкектин Ленин районунун аймагында жайгашкан.

18-апрелде Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб Бишкектеги №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору жабылганы тууралуу айтты.

Буга медицина борборунун убактылуу жабылышына бир дарыгердин коронавируска күмөн саналганы себеп болгон. Дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып таза чыккан.

Саламаттык сактоо министрлиги бул мекеме качан жабылганы тууралуу сурообузга кечирээк жооп бере турганын билдирди.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. 19-апрелден баштап №13 үй-бүлөлүк медицина борбору штаттык тартипте иштей баштайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG