Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Мэрия №13 үй-бүлөлүк медицина борбору боюнча штабдын маалыматын четке какты


№13 үй-бүлөлүк медицина борбору
№13 үй-бүлөлүк медицина борбору

Бишкек мэриясы №13 үй-бүлөлүк медицина борбору убактылуу жабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу аталган мекеме сайты аркылуу билдирүү таратты.

Анда шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгул Исмаилова №13 үй-бүлөлүк медицина борбору бир да күн жабылбаганын, маал-маалы менен дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бардык медициналык кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, коронавирус илдетине чалдыккандар менен байланышкандардын арасында үй-бүлөлүк медицина борборунун бир дарыгери болгон. Бирок, ал кызматкерге байланыштуу дароо бардык коопсуздук чаралары жасалган. Коопсуздук үчүн 15 кызматкер үй карантинине жөнөтүлгөн, алардан алынган экспресс-тест таза чыккан. Жакынкы күндөрү лаборатория ПЦР анализин алат. Мэрия шаардыктарды маалыматтарды расмий органдар тактамайынча таратпоого чакырат.

18-апрель эртең менен Коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын Telegram каналы Бишкектеги №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору жабылганы тууралуу маалымат тараткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG