Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Тажикстандын түндүгүндө бир үй-бүлөдөн сегиз адам карантинге алынды


Жабор Расулов районундагы Коргончо кыштагында бир үй-бүлөдөн сегиз киши карантинге алынды.

Буга чейин бул айылда Хабибулло Шодиев аттуу тургундун дене табы көтөрүлүп, пневмониядан каза болгону кабарланган. “Азаттыктын” тажик кызматынына райондук өкмөттөн анонимдүү булак буларды кабарлады.

Баары бир үй-бүлө мүчөлөрү. 56 жаштагы Абдухалил Журабаев алгач ооруканага небересин алып келген. Анын температурасы жогору болгон. Учурда Абдухалилдин үй-бүлөсү дарыгерлердин көзөмөлүндө”.

Аталган райондогу “Азаттыктын” башка булактар дагы Журабаев пневмония менен ооруканага жаткарылганын тастыкташты. Алардын бири бейтап мурда дене табы ысып, пневмониядан каза болгон деген Хабибулло Шодиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында болгонун айтты. Бирок, дарыгерлер Журабаевдин сөзүнө таянып бул маалыматты четке какты. Бийлик өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок экени жок экенин, карантинге алуу болгону коопсуздук чарасы экенин билдирүүдө. Бардык бейтаптардан тест алынып, Дүйшөмбү шаарына жөнөтүлдү.

“Азаттыктын” тажик кызматынынын райондук өкмөттөгү анонимдүү булагы Жабор Расулов районундагы Коргончо кыштагы көзөмөлгө алынып, дезинфекция иштери жүргүзүлүп, дарыгерлер жергиликтүү тургундардын дене табын текшерип жатканын айтып берди.

Ал ортодо айрым массалык маалымат каражаттары Жабор Расулов районунан дагы бир жаран каза болгонун жазышты. Жакындарынын сөзүнө ылайык, 68 жаштагы тургун 17-апрелде каза болгон. Анын дене табы көтөрүлүп, катуу жөтөлүп ооруган. Бейтап жеке ооруканалардын бирине кайрылган. Маалыматка ылайык, ал кан басымы оорусунун жабыркап жүргөн. Тажик кызматынын өз булагынын айтымында, ооруканадагы 10 кызматкер карантинге алынган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 17-апрель күнү Тажикстанда коронавирус менен ооругандар жок, бирок сезондук климат алмашкандыктан пневмония менен ооругандар көбөйгөнүн кабарлаган. Бирок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айрым эксперттери бул ооруларды COVID-19 вирусунун белгилери катары айтып жатышат. Тажикстан бийлиги 17-апрелге карата 7871 адам карантинге алынып, 6348ин кайра үйүнө кое бергенин маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG