Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Кыргызстанда Пасха майрамын белгилөө 18-апрелде түнү башталат


Кыргызстан жана Бишкектин епархиясынын маалымат кызматы кыргызстандыктарды православ христиандарынын Пасха майрамы менен куттуктап, 18-апрелде 23:30да диний жөрөлгөлөр башталарын маалымдады.

Кыргызстандык православ христиандарынын диний жөрөлгөлөрүн "Пирамида" телеканалы жана https://www.instagram.com/pravoslaviekg/ баракчасы түз алып көрсөтөт. Сыйынууга беш киши гана катышат.

Кыргызстандын президентти Сооронбай Жээнбеков бул күнгө байланыштуу православ христиандарын куттуктады. Мамлекет башчы куттуктоо сөзүндө өлкөдөгү бардык конфессиялардын өкүлдөрүнө сый мамиле кыларын айткан.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев Пасха майрамын утурлай кыргызстандыктарга кайрылып, карантиндин бардык талаптарын аткарууга чакырган. 18-апрелде Кыргызстанда православ христиандары Пасха майрамын белгилешет. Башка жылдары бул күндү майрамдоо Бишкектеги борбордук чиркөөдө түндө башталчу. Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөрү айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG