Гонконг полициясы 2019-жылы жайындагы массалык протесттерге байланыштуу иш боюнча 14 активистти кармады. Reuter агенттигинин маалыматына ылайык, кармалгандардын арасында укук коргоочу жана Демократиялык партиянын негиздөөчүсү 81 жаштагы Мартин Ли жана медиамагнат Жимми Лай дагы бар. Кытай бийлиги аларды өткөн жылдагы башаламандыктардын уюштуруучусу деп эсептейт. Кармалгандардын тогузу Гонконгдун мурдагы мыйзам чыгаруучулары.
AFP активисттердин соту 18-сентябрга белгиленгенин жазды. Сот бөгөт чарасын кандай чечкени жөнүндө маалымат жок. Автономиянын башчысы Кэрри Лэм жаңы камоолор мүмкүн экенин билдирди. Оппозиция автономия бийлигинин мындай аракетин сындап, демократияга басым жасоо деп айыптады.
Кытай бийлиги 2019-жылдагы бийликке каршы нааразылык акцияларынын артында чет элдик күчтөр турат деп эсептейт. Автономиядагы Пекиндин өкүлү сепаратисттик маанайды басуу үчүн Гонконгдун улуттук коопсуздугу жөнүндө мыйзамды тезирээк кабыл алышы керектигин билдирген.
Гонконгдо июнь айында бийликке каршы демонстрациялар башталгандан бери 7 миңдей демонстрант кармалган. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон жок.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылган.