Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Дүйнөлүк жылдыздар дарыгерлерди колдоп чыгышты


Билли Айлиш
Билли Айлиш

18-апрель күнү Билли Айлиш, Пол Маккартни, Элтон Жон, Леди Гага, Тейлор Свифт, Стиви Уандер, The Killers сыяктуу дүйнөлүк аренадагы жылдыздар коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо максатында төрт саатка созулган виртуалдык концерт беришти.

“Бир дүйнө: баарыбыз үйдө” деп аталган концерттин куратору Леди Гага дүйнө биригип COVID-19 илдети менен күрөшүп жатканын көрсөтүү максатында концертти өткөрүшкөнүн билдирди. Гага апрелдин биринчи жумасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна пандемия менен күрөшүү үчүн 35 млн. доллар чогултканын маалымдады.

ДССУнун маалыматына ылайык, 133 мамлекетке эки миллиондон ашык коргоочу каражат, 126 өлкөгө бир жарым миллион илдетти аныктоочу тест жөнөтүлгөн.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын декабрь айында Кытайдан тарай баштаган. Учурда бул илдет менен ооругандардын саны эки миллиондон ашты. 160 миңге жакын киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG