Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Коронавирус аныкталгандардын ичинен 16 адамдын абалы оор (видео)


Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл.
Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл.

Республика боюнча COVID-19 илдети аныкталган бейтаптардын ичинен 16 адамдын абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

“416 адам ооруканада жатат. 16адамдын абалы оор, тогузу реанимацияга которулду. Калганынын абалы канааттандыраарлык”, - деди Үсөнбаев.

Коронавирус табылган 554 жаран менен байланышта болгон 7877 киши аныкталды. Булардын ичинен 1769 адам жакын байланышта болгон. Обсервацияда миңден ашык киши жатат.

XS
SM
MD
LG