АКШнын космостук агенттиги - NASA жана жеке менчик SpaceX компаниясы 27-майда Эл аралык космос станциясына экипаж учурат.
17-апрелде NASAнын директору Жим Брайденстайн "27-майда NASA дагы бир ирет Американын топурагынан Американын ракетасында америкалык астронавттарды учурат",- деп "Твиттерге" жазды.
"Falcon 9" ракетасына орнотулган "Crew Dragon" кемесинин бортунда Роберт Бенкен жана Даглас Хёрли асманга сапар тартышат.
2011-жылы "Space Shutlle" программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан эл аралык космос станциясына экипаж учурулган эмес. Соңку тогуз жыл бою америкалыктар Орусиянын "Союз" ракеталарынын бортунда учушкан.
Азыр Эл аралык космос станциясында бир америкалык, эки орусиялык космонавт бар.